Мурдагы тышкы иштер министри Муса Куса Би-Би-Си үчүн даярдалган билдирүүсүндө Ливияны биримдикке чакырып, эгер тараптардын баары өлкөнүн жарандык согуштун кучагына кирүүсүн токтотпосо, Ливия жаңы Сомалиге айланарын эскертти. 1970-жылдардан бери Муаммар Каддафинин жакын кеңешчилеринен болгон Муса Куса ага катар азыр Каддафинин режиминен кол үзгөнүн кошумчалаган. Бул Муса Кусанын ал өткөн айда Британияга качып келгенден берки алгачкы билдирүүсү болду. Британиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, алар Кусаны кармаган жок. Бирок британ өкүлдөрү Ливиянын мурдагы тышкы иштер министринин алар менен сүйлөшүүлөрү жана ал азыр кайда экендиги боюнча маалымат берүүдөн баш тартышууда. Куса Ливияда жаңжал башталгандан бери Каддафинин режиминен кол үзгөн министрлер менен элчилер ичинен көрүнүктүүсү. Мурдагы расмий өкүлдөрдүн айрымдары Каддафиге каршы оппозицияга кошулган.