Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Бишкектин бир көчөсүн Анкара деп атоо сунушталмакчы


Бул тууралуу Бишкек шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов мындай сунушун Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушуу маалында билдирди. Мындай демилге Түркия менен Кыргызстандын мамилесин дагы да бекемдөө максатында көтөрүлүүдө. Ушул тапта мэрия Бишкектин кайсы көчөсүнө Түркиянын борбору Анкара шаарынын ысымын берүү маселесин караштырууда. Өз кезегинде Түркия Анкаранын атын ала турган көчөнүн жолун оңдоп, инфраструктурасын жакшыртып бермекчи. (IJz)

XS
SM
MD
LG