Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Отунбаева: Эл аралык комиссиянын иликтөөсүнө пикир даярдалууда


Президент Роза Отунбаева июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия орус тилинде баяндамасын 1-апрелде бергенин, ага азыр кыргыз бийлиги пикир даярдап жатканын маалымдады. Мамлекет башчы өзүнүн видеокүндөлүгү аркылуу айткан сөзүнө ылайык, алдын ала макулдашуу боюнча баяндама тапшырылгандан кийин үч апта ичинде кыргыз бийлиги расмий пикири менен жарыялашы керек. Отунбаева апрелдин башында ыңкылаптын бир жылдыгына байланыштуу иштер менен алаксып, пикир даярдоо кечеңдеп калганын белгиледи, бирок качан жарыяланарын так белгилеген жок.

Июнь коогасы боюнча буга чейин Улуттук комиссия иликтөөсүн жарыялаган. Анда "түштүктөгү коогалаңга айрым өзбек тектүү лидерлер шыкакчы болгон, Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрү кооганы алдын алган эмес" деген тыянак чыгарылган. Түштүктөгү окуяларды азыр депутаттык комиссия да иликтеп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG