Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

“Түндүкэлектрдин” абоненттеринин карызы 441 млн. сомдон ашты


Колдонулган электр кубатын төлөбөгөн абоненттердин “Түндүкэлектр” ишканасына болгон карызы ушул тапта 441 миллион 564 миң сомго жетти. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, электр үчүн эң эле чоң бересеси барлар – бюджеттик мекемелер. Бюджеттик мекемелердин карызы 98 миллион сомдон ашты. Өнөн-жай ишканаларынын карызы 34 миллион сомдун айланасында, ал эми калктын карызы 230 миллион сомдун тегерегинде. “Түндүкэлектр” ишканасы карызды төлөтүү иш-чарасынын алкагында 24 644 кардардын электр кубатын өчүргөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG