Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

Өлкөнүн төрт жетекчисин 700 адам кайтарууга алууда


Президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков жана биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду Мамлекеттик күзөт кызматынын 700 кызматкери кайтарууга алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Абдырахманов билдирип, алардын санын кыскартууну сунуштады. Анын айтымында, өлкө бюджетинен бул иш-чарага өтө эле көп өлчөмдөгү каражат коротулууда.

Өмүрбек Абдырахманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин саясий жана экономикалык иштер менен алектенип отурган бөлүмдөрүн каржылабоону, 650 адам иштеген Каржы полициясын кыскартууну сунуштоодо. Каржы полициясы үчүн бюджеттен 380 миллион сом каралган. (IJz)

XS
SM
MD
LG