Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен “Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов расмий жарашканын билдиришти. Кабарчыбыздын маалымдашынча, эки депутат мушташтын айынын парламент бир топ сын-пикирге кабылганына байланыштуу коомчулуктан кечирим сурашты. Депутаттар бири-бирине чапан-чепкен жаап, калпак кийгизип элдешти.
1-апрелде парламенттин жыйынында тыныгуу маалында Ташиев менен Сулайманов мушташа кеткен. Мушташ “Ата Журт” фракциясынын лидеринин өкмөттүк коалициядан чыгабыз деген cөзүнөн улам болгон. (EBM)
1-апрелде парламенттин жыйынында тыныгуу маалында Ташиев менен Сулайманов мушташа кеткен. Мушташ “Ата Журт” фракциясынын лидеринин өкмөттүк коалициядан чыгабыз деген cөзүнөн улам болгон. (EBM)