Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Минскиде кыргызстандыктар жабыр тарткан жок


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Лира Сабырова Беларустун борбор шаары Минскидеги жардырууда кыргыз жарандары жабыр тарткан жок деп “Азаттык” үналгысына билдирди. Беларуста учурда 110 кыргызстандык жаран консулдук каттоодо турат.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Минскидеги 11-апрелдеги жардырууга байланыштуу беларус кесиптешине көңүл айтты.
1990-жылдардын башында миңдей беларус тектүү мурдагы кыргызстандык атуулдар тарыхый мекенине көчүп кеткен.
Мурдагы кыргыз президенти, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан соң көп узабай өлкөсүнөн бозгунга кетүүгө аргасыз болгон Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Минск шаарынын чет жакасында байырлап келет.
(EBM)

XS
SM
MD
LG