Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Лира Сабырова бүгүн билдирди. Анын айтымында бир аз убакыт мурда эле Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги кыргызстандык жаран Захридин Тажибаев менен байланышып, өзүнөн кабар алды. Тажибаев учурда Жапониянын Синдаи шаарындагы Миаги префектурасында батирде жашап турат жана ал Кыргызстанга апрелдин ичинде кайтып келет. Захридин Жапонияга үч айлык кыска мөөнөттүү сапарга коммерциялык максатта барган, сапардын мөөнөтү 10-майда аяктайт.
Буга чейин интернет булактарда кыргызстандык жаран Захридин Тажибаев жер титирөөдө дайынсыз жоголгондордун тизмесинде экендиги тууралуу маалымат таратылган. ТИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин билдиргенине караганда бул жаран менен ТИМдин элчилиги суу ташкындан кийин алгачкы жолу 18-мартта телефон аркылуу байланышкан. Ал ошол учурда Кыргызстан жиберген учак менен кайтууга макулдук берген эмес.
Учурда Жапонияда жаш балдарды кошкондо 60тан 80ге чейин жаран жашап жатат. Алардын катарында Кыргызстандан кайра кеткендер да бар. Жапониядагы суу ташкын менен коштолгон зилзалага байланыштуу 18-мартта 90 кыргызстандык Бишкекке кайтып келишкен. (BuS)