Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Турганбаев: Бакиевдердин арам акчаны адалдоо жолу буулду


Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев IT-технология жаатында кылмыш иштин бети ачылды деп “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул операциянын натыйжасында мурунку президент Курманбек Бакиевдердин жакындарынын арам акчаны адалдоо жолу буулуп, телефон тыңшоого ылайыкташкан бир канча аппараттар алынды.

Турганбаев бул кылмыш иши боюнча кармалган алты адамдын экөө “Альфа-Телекомдо” иштеп турганын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бирден жараны экенин билдирди. Алар 12 GSM-шлюзду колдонуу менен акчаларды кымырып, өкмөттү, уюкфон компаниясын миллиарддаган сомго чыгымга учураткан.

Ички иштер министринин орун басары кылмышкерлердин ана башы деп шектелген эки адамды Бишкектеги Биринчи май райондук соту үй камагына чыгарып жибергенин, ИИМ бул боюнча доо арыз менен шаардык сотко кайрылганы жатканын айтты. Азыр бул боюнча тергеп-иликтөө иштери уланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG