Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

“Ата Мекен” “Ата Журттун” Бабановду кетирүү талабын колдоду


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүн жыйын куруп“Ата Журт” фракциясынын биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду кызматтан кетирүү талабын колдоо тууралуу чечим кабыл алды. “Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев жаңы Баш мыйзамга ылайык, парламент өкмөттүн кайсы бир мүчөсүнө эмес, толук курамына гана ишеним көрсөтпөй алаарын, ошондуктан убактылуу өкмөттүн кайсы бир мүчөсүн кызматтан алуу тууралуу премьер-министр гана чечерин айтты. “Республика” фракциясы 12-апрелде өз лидери Бабановду колдоп билдирүү тараткан. Анда атажуртчулардын талабы негизсиз деп айтылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG