Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Кыргызстан ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине “Манас” үчилтигин киргизүүнү сунуштайт


ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жаңы төрагасы Султан Раев Кыргызстан “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” эпосторун аталган эл аралык уюмдун жалпы адамзаттык руханий мурастар тизмесине өлкө атынан киргизүү ниети бар экенин билдирди. Бул багытта 5 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлады.
Аталган улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Элнура Корчиеванын айтымында, Кыргызстан өзүнүн мурастарын ЮНЕСКОнун тизмесине сунуштап жатканда ал мурастарды коргоп өнүктүрүү боюнча жоопкерчилик алат. "Ошондуктан азыр маданий көөнө мурасты сактап, кеңири жайылтуу боюнча мыйзам долбоор иштелип жатат", дейт Корчиева.
Буга чейин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине “Манас” эпосу кытайлык кыргыздардын атынан кирген, бул Кыргызстандын өзүндө кызуу талкууларды жараткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG