Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 15-апрелден тарта Ош облусундагы жер титирөө болгон аймактардагы үйлөр, социалдык объекттер экинчи ирээт текшерүүдөн өтөт. Анткени жер титирөө ызгаар кышта болгондуктан, жаз келип күндүн жылышы менен үйлөрдөгү жаракалар дагы чоңоюшу ыктымал.
Ушул жылдын 24-январында Оштун Алай жана Чоң-Алай райондорунда күчү 4-5 баллга жеткен зилзала катталган. Аталган райондордо 700дөн ашык турак-жай иликтенген. Анда Алайда 45 үй кулайын деп турганы, 70ке жакын тамды баштан-аяк оңдоо керектиги, Чоң-Алайда 160тай үйдүн абал оор экени, 240тай үй толугу менен оңдоого муктаждыгы аныкталган болчу. (EBM)