Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Транзиттик жүк ташуучу борборду күйүүчү май менен камсыздоо тууралуу Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет. Мындай келишимге эки өлкөнүн өкмөттөрү ушул жылдын 8-февралында кол коюшкан. Келишимге ылайык, мамлекеттик “Манас” күйүүчү май куюучу ишканасы АКШ базасы керектеген авиакеросиндин 50 пайызга чейинки бөлүгүн камсыздоо укугуна ээ болгон. Эсептөөлөргө караганда, кыргыз бюджети мындан жылына 60 миллион доллардай пайда көрүп турат. (IJz)