Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

“Дэвис” кубогунда кыргызстандыктар Бахрейнди утуп алды


“Дэвис” кубогунун расмий сайты маалымдагандай, теннис боюнча кыргызстандык эркектердин курамасы Бахрейнди 2:1 эсебинде утуп алды. Оюнда кыргызстандык Данияр Дулдаев бахрейндик каршылашын утса, Денис Сиротин утулуп калды. Бирок жуп болуп ойношкондо, кыргызстандыктар бахрейндиктерди жеңип алышты. Жалпысынан “Дэвис” кубогунда Кыргызстандан үч спортчу катышып жатат. Алардын оюну Бангладештин Дакка шаарында өттү.

“Дэвис” кубогу чоң теннис боюнча эркектер арасында дүйнөдөгү ири мелдеш болуп саналат. (KKs)

XS
SM
MD
LG