Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

АКШ президенти бюджет таңкыстыгын кыскартуу планын сунуш кылды


Бюджеттеги тартыштыкты кыскартуу боюнча Барак Обама сунуш кылган план АКШнын мамлекеттик карызын алдыдагы 12 жылда 4 триллион долларга азайтууну максат кылат. Бул тууралуу АКШ президенти Жорж Вашингтон университетинде сүйлөгөн учурунда айтты. 2012 –жылы кайра шайланууну көздөп жаткан Барак Обама өз сөзүндө оппозициядагы Республикалык партиянын бюджеттик чыгымдарын азайтуу планын сынга алды. АКШ президентинин пикиринде, ал карылар менен жакырлар үчүн бир топ эле катаал. Обаманын планына ылайык, коргонуу тармагынын, саламаттыкты сактоонун ашыкча чыгымдары кыскартылмакчы жана салык реформасы жүргүзүлүүсү керек. Салык реформасы жылыга кирешеси 250 миң доллардан ашкан америкалык бай үй-бүлөлөргө берилген салык жеңилдиктерин жокко чыгарууну да карайт. АКШнын мамлекеттик карызы азыр 14 триллион 200 миллиард долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG