“Ассошейтед Пресс” агенттигинин кабарына караганда, камоо Босниянын өкмөтүнүн өтүнүчү менен жүргүзүлгөн. Босния кармалгандардын экөөсүн тең өткөрүп алууну көздөөдө. Кечээ кармалган Эдин Жеко менен Расема Ханданович Босниядан АКШга эки бөлөк мезгилде эмиграцияланышкан жана кийинчерээк АКШнын жарандыгын алышкан.