Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

“7-апрель” кыймылы Адилет министрлигинин алдына акцияга чыкты


“7-апрель” кыймылынын төрт өкүлү Адилет министрлигинин алдына нааразылык акциясын уюштурушту. Алар апрель окуялары боюнча айыпталып жаткандардын жактоочулары ар кыл себептер менен соттук иштин жүрүшүн кечеңдетүүгө аракет кылып жатканын белгилешип, алардын лицензиялары ким тарабынан, кандайча берилгенин тактоо талабын коюшууда. Азырынча айыпталуучулардын жактоочулары буга комментарий берише элек.

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүүнүн буга чейинки отурумдарында жактоочулардын коопсуздугу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Кечээки соттук териштирүүгө Бакиевдердин жактоочуларынын бири Ирина Камарда келген эмес. Анын келбегени соттук жараянда коопсуздуктун жетиштүү деңгээлде сакталбаганы менен түшүндүрүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG