Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Байболовдун маалыматтарын тактоочу депутаттык комиссия түзүлдү


Мурдагы башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун буга чейин парламентте жана комитеттерде билдирген маалыматтарын тактоочу комиссияны түзүү тууралуу чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Бул комиссияга ар бир фракциядан экиден депутат кире турган болду.

Буга чейин мурдагы баш прокуродун милдетин аткаруучу Байболов парламентте “Альфателекомго” байланыштуу түшүндүрмө берген. Ошондой эле Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү комитети менен Бюджет жана финансы комитетинин бүгүнкү биргелешкен отурумунда Улуттук банктан алган каражаттар көрүнгөн адамдарга мыйзамсыз таратылып, башаламан жумшалганын, ушул кезге чейин акча алган адамдардын отчету жок экенин, УКМКга бөлүнгөн каражат, телефон тыңшоолор боюнча маалымат берген эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG