Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ Аскер соту Бакиевдердин жактоочуларынын бири Ирина Камарданын апрель окуяларын териштирип жаткан судья Дамир Оңолбековго ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчүн карап чыгып, ал өтүнүчтү канааттандырган жок. Маалыматка ылайык, Аскер соту мындай чечимин өтүнүчтүн негизсиздиги менен түшүндүрдү.
Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 18-марттан бери Дамир Оңолбековдун жетекчилиги менен кайрадан териштирилип жатат. Бакиевдердин жактоочулары буга чейин бир топ жолу судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчүн билдиришкен. Акырында алар мындай өтүнүчтөрү менен 5-апрелде Аскер сотуна кайрылышкан болчу. (KKs)