Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Европада ирандык 32 ири кызматкердин мүлкү камакка алынды


Европа Биримдиги ирандык 32 ырасмий адамдын банктардагы акчасын жана мүлкүн камакка алды. Алардын ичинде Ирандын улуттук полициясынын башчысы Ысмайыл Ахмади-Могаддам, Ынкылапчыл гвардиянын командири Муахммад-Али Жафари, Басижи милициясынын башчысы Мохаммед-Реза Нагди, башкы прокурор Гулям-Хусейн Мохсени-Эжей, түрмөлөрдүн акими Гулям-Хусейн Есмаили да бар. Ырасмий билдирүүдө бул тизмедегилер Ирандагы анти-өкмөттүк демонстрация маалында же андан кийин журналисттердин, оппозиция мүчөлөрүнүн жана студенттердин укуктарын орой бузганы айтылат.

XS
SM
MD
LG