Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Ливиянын болочогу Берлинде талкууланат


НАТОнун Ливия чатагындагы ролу бүгүн Берлинде ачылчу эки күндүк жыйында талкууланчу башкы тема. Саммитке альянска мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышат. Франциялык дипломаттардын билдиришинче, Франция жана Британия жыйында натолук өнөктөштөрүнүн Муаммар Каддафинин күчтөрүнө авиасокку урууга көбүрөөк салым кошуусун талап кылышат.

Каддафи менен козголоңчулар ортосундагы согуш бүткөндөн кийин Ливияда эмне кылуу керек экенин АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Берлин саммити учурунда кесиптештери менен талкууланары да маалымдалды.

XS
SM
MD
LG