Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Башкы прокурорлук үчүн Аида Салянованын талапкерлигине макулдук берилди


Жогорку Кеңештеги депутаттардын көпчүлүк добушу менен Башкы прокурорлук кызмат үчүн Аида Салянованын талапкерлиги жактырылды. Добуш берүүгө катышкан 119 депутаттын 77си Салянованын талапкерлигин колдошсо, 40 депутат каршы добуш берди, 2 бюллетень жараксыз болуп чыкты.

Март айынын акырында президент Роза Отунбаеванын жардыгы менен Кубатбек Байболов башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматынан алынган. Анын ордуна Аида Салянова баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Апрелдин башында президент Салянованы башкы прокурор катары толук дайындоо үчүн анын талапкерлигине макулдук берүү өтүнүчүн Жогорку Кеңешке жөнөткөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG