Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Мерт болду делген Максымбеков эки жылдан бери Кыргызстанга келбегенин билдирди


Былтыркы жылдын 7-апрелинде мерт болгону айтылган Маралбек Максымбеков эки жылдан бери Кыргызстанга келе электигин “Азаттыкка” телефон аркылуу Екатеринбург шаарынан билдирди. Ал өлгөндөрдүн тизмесинде кандайча болуп калганына таң калганын белгилеп, бул тууралуу бир ай мурдараак эле кабардар болгонун маалымдады. Максымбеков үй-бүлөсү менен апрель окуясына чейин алты айга чейин байланышпай келгенин, учурда Екатеринбургда маршруттук такси айдап иштерин кошумчалады.

Буга чейин Башкы прокуратура 7-апрелде Максымбековдун сөөгүн анын улуу Эрланбек Максымбеков тааныганын билдирген. Апрель каармандарына берилген миллиондук сомдук жардамды уулу алганы кабарланган.

“Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов 7-апрелде окко учту деген 87 адамдын бири болгон Максымбековдун тирүү экендиги далилденгенин парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирген болчу. Депутат Екатеринбург шаарына журналисттер жөнөтүлүп, алар бул маалыматты тастыкташканын, Максымбековдон интервью алып, видеого тартып кайтышканын айткан. Тартылган видеолор депутаттарга көрсөтүлүп, тийиштүү документтер Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Башкы прокуратура бул жагдайды териштирип чыгууга тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG