Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Урмат Барыктабасовго карата өкүм 26-апрелде чыгышы мүмкүн


Бул тууралуу Барыктабасовдун жактоочусу Жаманкул Жунусов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымына караганда, Барыктабасов баштаган 15 адамдын бүгүнкү соттук ишинде тараптар өз аргументтерин билдиришти. 26-апрелде улана турган соттук териштирүүдө айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгаары күтүлүүдө. Бүгүнкү соттун жүрүшүндө прокурор айыпталуучуларды 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыруутуну суранды. Жактоочулар болсо, күнөөлөрдү тастыктаган далилдер жок экендигин билдиришүүдө.

“Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов баштаган 15 адамды өткөн жылдын август айында “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен УКМК камакка алган. Аны менен кошо кармалган 15 кишинин төртөө үй камагына чыгарылган. Барктабасов өзүнө тагылган айыптар менен макул болбой келет. Соттук ишти Биринчи май райондук соту териштирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG