Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Минскидеги жардырууга байланыштуу дагы 2 киши кармалды


Беларус бийликтери дүйшөмбү күнү Минскиде болгон жардырууга тишеси бар деп шектелип дагы эки киши кармалганын билдирди. 11-апрелде Минск метросунун бекеттеринин биринде бомба жарылып, 12 киши курман болгон жана 200дөн ашуун адам жараат алган. Өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Андрей Швед жардырууга байланыштуу жаңы камалган экөө жана мурда кармалган үч адам тең эзели соттолбогон Беларус жарандары экенин маалымдады.

13-апрелде БУУнун Коопсуздук Кеңеши Минск метросундагы жардырууну “террордук чабуул катары” сыпаттап айыптаган эле. Бомба чабуулуну ким уюштурганы белгисиз болгондуктан, Кеңеш мүчөлөрү аны “террордук чабуул” деп түз аташпаганы дипломаттык булактарга шилтеп кабарланды. Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү жасаган кайрылууда бардык өлкөлөрдө терроризмге каршы чаралар адам укугун сактоо боюнча эл аралык мыйзамдардын алкагында өтүүгө тийиш деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG