Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Назарабаев жөнүндө көркөм фильм көрсөтүлүүдө


14-апрелде Казакстандын кинотеатрларында президент Нурсултан Назарбаевдин бала чагына арналган “Менин балалыгымдын асманы” деген көркөм фильм көрсөтүлө баштады. Назарбаевдин бала кезин тасмада үч башка актер ойнойт. Фильмде чабандын уулу Нурсултан жайдары жана жашоого дилгир бала катары көрсөтүлөт.

20 жылдан ашык бийлик башында отурган Нурсултан Назарбаев ай башындагы кезексиз жалпы элдик шайлоодо 95 процент добуш менен кайра президенттикке шайланган. Бийлик шайлоого эл тегиз катышты деп көрсөтүү үчүн атайын тандалган адамдарды ар кайсы участкаларга ташып, добуш берүү уюштурганын эл аралык байкоочулар сындаган.

XS
SM
MD
LG