Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

АКШ, Британия, Франция Каддафиге каршы аскерий өнөктүктү токтотпоону убада кылышты


Аталган үч өлкөнүн лидерлери Ливияда Муаммар Каддафи бийликтен кетмейинче аскерий өнөктүктү улантууну убада кылышууда. АКШ менен Европанын гезиттеринде бүгүн чогуу жарыялаган макаласында президенттер Барак Обама жана Николья Саркози жана британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон Каддафини бийликте калтыруу Ливиянын элин “абийирсиздик менен саткандык болорун” белгилешти.

Бул макала жарыяланар алдында кечээ ливиялык козголоңчулар НАТОну аба соккуларын күчөтүүгө чакырып, алар Каддафинин күчтөрүнүн кыргынына кабылып жатышканын айтышкан. Каддафинин күчтөрү козголоңчулардын колунда турган, бирок курчоодо калган Мисрата шаарын ракеталар менен аткылашкан.

Каддафини бийликтен баш тартууга Берлиндеги кечээги жыйынында уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери да үндөштү. НАТОго мүчө өлкөлөр арасында Ливияда жарандарды коргоого багытталган аскерий өнөктүк боюнча пикир келишпестик бардыгына карабай, миссияны талап кылынганча улантуу жагы макулдашты. НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен кошумча аскерий учактар зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG