Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

ЖК транзиттик борборго май ташуу боюнча келишимди 1-окууда жактырды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуучу борборуна күйүүчү май ташуу тууралуу эки өлкө ортосундагы келишим биринчи окууда ратификацияланды. Бул келишимге ылайык, транзиттик борборго келүүчү күйүүчү майдын элүү пайызыны кыргыз-орус тарап биргелешип түзгөн “Газпром-нефть-Аэро” ишканасы ташымакчы. Калган бөлүгү буга чейин борборду май менен камсыз кылып келген “Mina Corp” ишканасына таандык болот.

Энергетика министри Аскарбек Шадиевдин билдиришинче, бул келишим АКШ тарабынан колдоого ээ болгон. Бул келишим иштеп баштаса, жыл сайын Кыргызстан бюджетине 23 миллион доллар түшөт.

Транзиттик борбор менен күйүүчү май тууралуу келишимге ушул жылдын 8-февралында Энергетика министри Аскарбек Шадиев жана АКШнын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Ларри Маммот Бишкектеги мамлекеттик “Манас” ишканасынын имаратында кол коюшкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG