Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, парламенттик коалициянын курамындагы КСДП жана “Республика” фракциялары “Ата-Журт” фракциясына карата жана коалициялык келишимге байланыштуу айрым милдеттенмелеринен баш тартат. Мындай чечим “Ата-Журт" фракциясынын айрым депутаттарынын коалициядан чыгуу аракеттеринен улам кабыл алынды. Аталган эки фракция кайсы милдеттенмелеринен баш тартып жатканы азырынча ачыктала элек. Өкмөттүн басма сөз кызматы таркаткан маалыматта коалицияга кирүүнү каалаган башка фракциялардын депутаттарына ыраазычылык билдирилген.
Бул маалыматтарды КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” тастыктады. “Ата -Журт” фракциясы бул жагдайды тастыктай элек.
Буга чейин “Ар-намыс” фракциясынан он депутат азыркы коалицияга кошулуу ниетин билдиришкен болчу. “Ата-Журт”-“Республика” жана КСДП фракцияларынын 77 депутатынан турган турган коалиция декабрь айында түзүлгөн. (KKs)