Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

“Альфа телекомдун” акционерлеринин белгиленген жыйыны өтпөй калды


“Мегакомдун” ээси “Альфа телекомдун” басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, буга кворумдун жоктугу себеп болду. Маалыматка ылайык, бүгүнкү жыйынга компаниянын 49 пайыз акциясына ээлик кылган Мамлекеттик мүлк министрлигинен жана 50 пайыз акциянын ээси делген Southfield Management Inc. компаниясынан өкүлдөр келишкен. Ал эми бир пайыз акциянын ээси делген Vesatel United Limited компаниясынын акционерлери келген эмес. Ошондой эле Southfield Management Inc. компаниясы жыйынга катышуу мүмкүнчүлүгүн берген тиешелүү документтерди алып келе алган эмес. Натыйжада акционерлердин жыйыны кийинкиге жылдырылды.

Бул жыйында компаниянын бюджети, директорлордун кеңешин жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо өңдүү маселелер каралышы керек болчу.

Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы “Альфа телекомдун” 49 пайыз акциясынын ээси катары мамлекеттик бюджетке 850 млн. сом берүү маселеси да бул жыйында чечилерин кабарлаган. (KKs

XS
SM
MD
LG