Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Минскидеги бомба чабуулунун курмандыктары көбөйдү

Минск шаардык метросунда 11-апрелде болгон бомба жардыруусунан өлгөндөрдүн саны 13кө жетти. Беларустун саламаттыкты сактоо министрлигинин 15-апрелде билдиришинче, ооруканада азыр бомба чабуулунда жараат алган 161 киши бар. Жардырууга тиешеси бар деп шектелген 5 киши кармалганы кечээ ырасмий маалымдалган.

Президент Александр Лукашенко метро бекетиндеги жардырууну өлкөнү дестабилдештирүү аракети деп мүнөздөп, оппозиция мүчөлөрүн бул окуя боюнча суракка алууну буйруган.
XS
SM
MD
LG