Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Жапаров: Кыргызстанда үн тыңшоочу беш батир табылды


Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстандын аймагында атайын үн тыңшоого ылайыкташкан беш үй табылганын, ал жерде үн тыңшоочу система менен дээрлик бардык жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрдүн тыңшоого мүмкүн болгондугун билдирди. Депутаттын айтымында, 2010-жылдын март айында Кыргызстандагы бардык жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрүн угууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору даярдалган. Бирок мурдагы президент ага кол койгонго жетишкен эмес. Учурда парламенттеги эки комитеттин демилгеси менен атайын жумушчу топ түзүлдү. Алар тыңшоо аракеттеринин мыйзамдуулугун иликтеп чыкмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG