Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

НАТО Грузия, Украина, Россия менен кызматташууну талкуулоодо


НАТОнун чыгыш коңшулары, анын ичинде Грузия, Украина жана Россия менен кызматташуу маселеси Берлинде бүгүн аяктачу жыйында талкууланууда. Альянстын башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Грузия-НАТО комиссиясынын кездешүүсүнүн ачылышында сүйлөп: "Биз талкуу учурунда биздин жетишкендиктерибизден башка дагы келечекки маселелерди карайбыз. Болочокку кызматташуубуздун багытын жана анын маанилүүлөрүн аныктайбыз, ошондой эле Грузиядагы демократиялык реформанын жүрүшүн астейдил сүйлөшөбүз,”-деди.

НАТОго мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлерини катышкан Берлиндеги жыйын бүгүн жума күнү бүтөт.

Жыйындын биринчи күнү НАТОнун Ливиядагы аскерий операциясы жана Ооганстандын коопсуздугуна жоопкерчиликти Ооган аскерлерине өткөрүп берүүгө даярдыктын жүрүшү талкууланган.

XS
SM
MD
LG