Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Телефондук сүйлөшүүлөрдү уруксатсыз тыңшоого тыюу салынды


Жогорку Кеңештин депутаттары “Изин суутпай издөө иш-чараларын камсыз кылуу үчүн байланыш операторлорунун техникалык каражаттарынын тутумун өчүрүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алышты. Ага ылайык, соттун чечимисиз жарандардын, анын ичинде бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүн тыңшоого тыюу салынат. Мыйзамды бузган адам жоопко тартылат. Ошондой эле байланыш операторлору үң тыңшоочу каражаттарын колдонбоого тийиш. Ал эми издөө иш-чараларын жүргүзүү өңдүү учурларда соттун санкциясы менен гана тыңшоо жүргүзүлөт. Бул мыйзам атайын кызматтар баштаган кызыктар тараптардын сүйлөшүүлөрдү тымызын тыңшоолоруна бөгөт коюуга багытталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG