Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Террорчу делгендердин иши сотко жиберилди


Улутук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, терроризм, киши өлтүрүү, талап-тоноо өңдүү кылмыштарга шектелген “Жайшуль Махди” уюмунуна карата тергөө амалдары аяктап, иш сотко жиберилди. Террорчулардын уюму деп айтылган “Жайшуль Махди” жамааты, сентябрь айында Бишкектеги синагогада жана ноябрь айында Спорт ордосунун алдында болгон жарылууга, Сокулуктагы АКШ жаранын тоноого жана жыл башында милиция кызматкерлеринин өлүмүнө катыштыгы болгон деп шектелүүдө. Учурда бул уюмдун он мүчөсү кармалып, үчөө издөөдө жүрөт. Эки мүчөсү январь айында Беш-Күңгөй айылындагы атайын операцияда мерт болгон. Ошол эле учурда кармалгандардын жакындары алардын эч кандай кылмышка катыштыгы жок экендигин белгилеп келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG