Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Сирияда демонстранттарга каршы күч колдонду


Жума күнү Сириянын бир катар жерлеринде миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар өттү. Белгисиз калууну каалган күбөлөрдүн сөзүнчө, анти-өкмөттүк чыгуулардын очогу-түштүктөгү Дараа шаарында көчөгө чыккан 10 миңдей адам “Эркиндик, эркиндик” деп кыйкырышкан.

Анти-өкмөттүк козголоң Дамаск шаарына чукул жердеги Байда жана Дума кыштактарында дагы болгонун атын атабоону сураган күбөлөргө шилтеп, маалымат булактары кабарлашты. Коопсуздук күчтөрү Думадан саясый реформаларды талап кылып, өлкө борбору Дамаски шаарын көздөй бараткан адамдарга көздөн жаш агызчу газ атып, желим таяктар менен сабаганы кабарланды.

Сириялык укук коргоочулардын ырасташынча, бир айдан ашык убактан берки толкундоолордо 200дөн көп адам набыт болгон. Бейшемби күнү президент Башар Асад өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн дайындап, тополоң маалында кармалган жүздөгөн адамдарды абактан чыгарткан.

XS
SM
MD
LG