Хьюман Райтс Уоч эл аралык уюму Ливияда Муаммар Каддафиге лоялдуу күчтөр козголоңчуларга каршы кассеталык же чачыратма бомба колдонуп жатышканын билдирди. Уюмдун ырастоосунда, Мисрата шаарында бери дегенде 3 чачыратма граната жарылган. Куралдын бул түрүнө 100дөн ашуун өлкөдө тыюу салынган. Чачыратма бомба майда-майда чакан бомбаларды камтыйт. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон алар Ливияда колдонуп жатканынан кабардар эместигин, бирок Каддафи жана анын армиясынын колунан келген иштерге таң калбасын айтты.