Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Сирия президенти жаңы өкмөткө кайрылат


Сириянын президенти Башар Ассад жаңы өкмөткө кайрылуу жасайт. Өкмөт үстүбүздөгү аптада нааразылык чыгуулары күчөгөндө алмаштырылган. Жаңы премьер-министр Адел Сафардын жетекчилигиндеги кабинет бир катар реформаларды ишке ашыруу, анын ичинде 1963-жылы киргизилген чукул кырдаал режимин алып салуунун үстүнөн иштейт деп күтүлүүдө. Мамлекеттик маалымат каражаттары болсо жума күнү Хомс шаарындагы демонстрацияда бир полициячы набыт болгонун кабарлашууда. Кечээ жума намазынан кийин Сириянын ар кайсы шаарларында он миңдеген киши реформаларды талап кылып көчөлөргө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG