Премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязов парламенттеги коалициянын айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу билдирүү таркатты. Ага ылайык, өкмөт башчы да, КСДП фракциясы да Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү тууралуу эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. Азыр да эч кандай жолугушуулар болбой эле. Билдирүүдө айтылгандай, “Ар-намыс” фракциясынын “кеңири коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр башталды” деген билдирүүсү негизсиз. Парламентте КСДП, “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынан турган коалиция өткөн жылдын декабрь айында түзүлгөн келишимдин негизинде эле иш алып барууда.
Кечээ парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын он депутаты коалицияга кошулуу ниетин билдиргенден кийин, аталган фракция жыйын өткөрүп, билдирүү таркаткан. Анда “Ар-намыс” кеңири коалициянын түзүлүшүн четке какпай тургандыгы айтылып, “бул багытта сүйлөшүүлөрдүн башталганы тууралуу сөз кылууга болот”, - деп жазылган. (KKs)