Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Ош, Баткен, Таластагы айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө


Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, бүгүн Баткен, Ош жана Талас облустарындагы 13 айылдык округдун жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо эртең менен саат сегизде башталды. Добуш берүү кечки саат сегизге чейин созулат. Мындай шайлоо кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын аяктаганына байланыштуу өтүп жатат.Анда жалпы 171 мандат үчүн 376 талапкер ат салышууда. Бул тарапкерлердин жарымына чукулу саясий партиялардан көрсөтүлгөн.

Февраль айында президент Роза Отунбаева Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо тууралуу жардыкка кол койгон. Ага ылайык, Ошто Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык округунун, Кара-Сууда Сары-Колот менен Отуз-Адыр айылдык округунун жана Ноокатта Насирдин Исанов менен Көк-Бел айылдык округунун, Баткен облусунда Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык округдарынын, Таластагы Кара-Буура районунда Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык округдарынын кеңештерине шайлоо өтөөрү белгиленген.

XS
SM
MD
LG