Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Ливияда Брега жана Аждабия шаарлары үчүн уруш уланууда


Ливиянын лидери Муаммар Каддафиге баш ийген аскерлер козголоңчулар ээлеген Аждабия шаарын аткылап жатышат.
Жергиликтүү оорукананын өкүлдөрү ишембиде аткылоодон 8 киши өлүп, 27 киши жарадар болгонун маалымдашты.
Ал эми козголоңчулар стратегиялык жактан маанилүү Брега портун курчоого алып жатышканын билдиришти.
Каддафинин күчтөрү шаардын ичинде, ал эми козголоңчулар анын жака белиндеги турумдарды ээлешкени кабарланууда. Кечээ (16-апрелде) Аждабия шаарына жакын жерде өкмөттүк армия аткан ракетадан 6 козголоңчу өлүп, 16оо жараат алды. Мисрата калаасы үчүн кармаш да уланууда.
Ал аралыкта Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюму каддафичилер өтө кооптуу жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган чачыратма бомбаны колдонуп жатышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG