Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Бүгүн апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин маалымдашынча, өткөн жолку сот жараянында мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын жактоочусу Ирина Камарда ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбековго ишеним көрсөтпөө өтүнүчү менен Аскер сотуна кайрылган. Өтүнүч канааттандырылган эмес. Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG