Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Сирияда реформа убадасына карабай, демонстрациялар улантылууда


Кечээ да миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Талбисех деген шаарчада адамдарды жерге берүү учурундагы тополоңдо үч киши окко учканын окуяга күбө болгондор айтышты. Нааразылык акциялары Алеппо, Дераа жана Сувайда шаарларында өттү. Өкмөткө каршы демонстрациялар кечээ формалдуу түрдө француз аскерлери өлкөдөн чыгарылганынын 65 жылдыгына арналганы айтылган. Ишембиде президент Башар Ассад ушул апта ичи Сирияда чукул кырдаал режими алына турганын жарыя кылган. Өлкөдө бул режим 50 жыл мурда киргизилген.

XS
SM
MD
LG