Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Эштон: ЕБ апрель окуясы боюнча чындыктын ачыкка чыгышын колдойт


Бул тууралуу Европа биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Кэтрин Эштон апрель окуясынын бир жылдыгына байланыштуу жасаган билдирүүсүндө белгилейт. Эштон Кыргызстан элин 2010-жылдын апрелинен кийин демократиялык процесстерди ишке ашырууга жана былтыркы кризистин кесепеттеринен арылууга болгон ынтызарлыгын баса белгилеген. Ошондой эле ал былтыр болуп өткөн окуялар туурасында чындыктын ачыкка чыгышын, өзгөчө иликтөө иштери боюнча эл аралык көз каранды эмес комиссиянын ишин колдоорун, өлкөдө мыйзамдуулуктун бекемделиши жана бейпилдиктин камсыздалышы максатында этностор аралык диалог жана элдешүү процесстери уланарына үмүттөнөөрүн билдирген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG