Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

7-апрель соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды


Буга апрель окуялары боюнча айыпталып жаткан Бакиевдердин жактоочуларынын бири Ирина Камарда ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбековго ишеним көрсөтпөө өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы себеп болду. Буга чейин Камарда ушундай эле арыз менен Аскер сотуна кайрылган. Аскер соту бул өтүнүчтү 12-апрелде карап, четке каккан болчу. Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев муну сот жараянын созуу катары баалап жатат.

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү ушул жылдын 18-мартынан бери Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбековдун жетекчилиги менен кайрадан териштирилип башталган. Соттук териштирүүдө өткөн жылдын апрелиндеги ок атууларга байланыштуу жыйырмадан ашуун адам айыпталып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG