Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Ак үй алдында эки митинг өтүп жатат


Насыяларын төлөөдөн кыйналган 100гө чукул киши Ак үй алдына митинг уюштуруп, күзгө чейин үстөк пайыз төлөөнү токтото турууну суранып жатышат. “Үйлөрүн коюп насыя алгандар турак-жайынан, машиналарынан айрылып жатат”, - деди “Азаттыкка” пикетке чыккандардын бири Авазбек Садыков. Ошондой эле чогулгандар баалардын өсүшүн токтотуу, бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн үй курууга жер бөлүп берүү, коомдук телерадио корпорациясынан улуттук салт-санааларды кеңири чагылдыруу талаптарын коюшууда.

Ак үй алдында өтүп жаткан экинчи митингдин катышуучулары Бишкек мэри Иса Өмуркулов, Ленин районунун акими жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Алардын жүйөөсүндө, аталган жетекчилер “Арча-Бешик” жаңы конушунда бала бакча, мектеп, оорукана салынчу жерди мыйзамсыз бөлүп берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG