Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Кара-Бак айылында чогулган жүз чамалуу адам 17-апрелде тажик тарап кармап кеткен кыргыз жаранын бошотууну талап кылууда. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, чогулгандар бул маселе бир жаңсыл болуп чечилмейин тарабай тургандарын билдиришүүдө. Ал эми Тажикстандын өкүлдөрү Расулбек Буркановду мыйзамсыз сымап сатканы үчүн кармашканын айтышты. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, ушу тушта сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бурканов кайсы өлкөнүн аймагында кармалганы такталып жатат. Эгер ал Кыргызстан аймагында кармалса, тергөө иштери ушул жакта жүрмөкчү. (КЕ)