Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер минитринин орун басары Низомидин Зохидов Дүйшөмбү шаарында өткөргөн маалымат жыйында билдиргенин “CA-NEWS” маалымат агенттиги жазып чыкты. Зохидов чек ара маселелерин чечүү боюнча кыргыз-тажик комиссиясы чыр-чатактарды жөнгө салуу иш аракетин көрөт деп билдирген. Ошондой эле министр орун басары эң оор маселе - эки өлкө ортосундагы чек араларды делимитация жана демаркациялоо экенин айткан.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинин узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын эл көп отурукташкан 470 чакырымы такталган эмес. Такталбаган чек ара тилкесинин көбү Баткен облусунда жайгашкан. (КЕ)