Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Нигерияда бийликтеги президент шайлоодо алдыда


Ишембиде өткөн президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча Нигериянын президенти Гудлак Жонатан (Goodluck Jonathan) жеңишке жеткени кабарланды. Бийликте турган Жонатан 19 миллионго чукул добушка ээ болду.

Жергиликтүү кабарчылар шайлоо өткөн түнү айрым жерлерде каршылык акциясы болуп, Кадуна шаарчасында шайлоо бекети жабылгандан кийин бомба жарылганы кабарланды.

Шайлоодо көп добушка ээ болгон Жонатан христиандар үстөмдүк кылган түштүктүн өкүлү. Ал эми анын атаандашы мусулмандар басымдуулук кылган түндүктүн талапкери Мухаммади Махари жеңилип калды.

Африкадагы эң көп калкы бар, кара майга бай Нигерия саясий коррпуцияга баткан жана шайлоолорду бурмалаган өлкө катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG