Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Президент Ахмадинежад АКШны күнөөлөдү


Бүгүн Иран президенти АКШны Иран менен Араб өлкөлөрүнүн ортосунда чагымчылдык кылганы үчүн айыптап, мындай аракеттен эч майнап чыкпасын айтты. Ахмадинежад мындай билдирүүнү Улуттук куралдуу күчтөрдүн күнүнө арналган салтанаттуу жүрүштөн кийин айтты.

Жекшембиде Перс булуңундагы өлкөлөр Иранды алардын ички иштерин кийлигишип жатканын айыпташкан. Бахрейн, Кувейт, Омар, Катар, Сауд Арапстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын Кызматташтык кеңешинин тышкы иштер министрлеринин Эр-Риядда өткөн жыйынында Иранды “бузукулук” иштерди токтотууга чакырык кабыл алынган.

Сауд Арапстан болсо Тегерандан өз дипломаттарын чакырып алган. Шийиттер үстөмдүк кылган Иран Перс булуңунда АКШнын аскердик кийлигишүүсүн токтотууну талап кылган. Бахрейнде америкалык эң чоң аскерий-деңиз базасы жайгашкан.

XS
SM
MD
LG